Айдоочулардын эсине! Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди - ИА Караван Инфо
Айдоочулардын эсине! Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Төө-Ашуу ашуусунда (Бишкек-Ош унаа жолунун 81-чакырымы) оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” ишканасынан билдиришти. 

Чектөө 15-декабрь кечки саат 19:45тен тарта киргизилген.

Маалыматка ылайык, ашууда кар жаап жатат. Тиешелүү кызматкерлер тарабынан жолду кардан тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери жүргүзүлүүдө.

“Ашуу тилкелерге сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгуу керек. Тайгакка каршы чынжырларды алып жүрүү зарыл. Ошондой эле, 500 метр аралыкты сактаңыздар”, – деп айтылат маалыматта. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: