Орун басары: Врачтын кабыл алуусу бейтаптын майыптыгы бар экенин көрсөтүшү керек - ИА Караван Инфо
Орун басары: Врачтын кабыл алуусу бейтаптын майыптыгы бар экенин көрсөтүшү керек

Бүгүн, 16-декабрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешевдин майыптуулугу бар адамдар үчүн электрондук форматта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө сунушу каралды.

Алсак, эл өкүлү белгилегендей зыркы учурда көптөгөн мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта, тактап айтканда, «Түндүк» электрондук порталы же мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот.

«Биз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен жолугушуп, алар бул ресурстардын майыптыгы бар жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүп, бир катар көйгөйлөрдү аныкташкан. Мисалы, порталдагы айрым кызматтар мобилдик тиркемеде жок. Анын ичинен тиркемеде майыптык арабага арыз берүү мүмкүнчүлүгү каралган эмес», – деди.

Ошондой эле эл өкүлү тиркеменин опцияларын колдонуу жөнүндө маалыматтык видео же аудиороликтерди иштеп чыгууну, сайттын колдонуучусунун статусун көрсөтүү функциясын киргизүүнү сунуштап:

«Бул мүмкүнчүлүк, мисалы, дарыгерге онлайн катталууда керек. Медициналык кызматкерлер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам келерин билип, аны тосуп алууга даяр болушат», – деп кошумчалады.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү бул сунуштарды колдоп, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү саясаты калктын бардык катмарын камтышы керектигин белгилешти.

Муну менен катар депутаттар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, алардын саламаттык сактоо жана билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга байланышкан бир катар маселелерди талкуулашты. Тактап айтканда, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелер үчүн киргизилген «жеке ассистент» аттуу социалдык кызмат көрсөткөн жарандарга мамлекет тарабынан колдоону жакшыртуу зарылдыгы айтылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: