Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын 13-декабрына карата Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген 2024-жылга бажы төлөмдөрү боюнча баштапкы болжолдун аткарылышын камсыз кылды.
2024-жылга бажы кызматы үчүн 117 миллиард 356,5 миллион сом өлчөмүндө киреше болжолу белгиленген. Бүгүнкү күндө бул божомол толугу менен аткарылды.
2023-жылдын жылдык түшүүсүнө салыштырмалуу бажы кызматы ушул жылдын 13-декабрына карата бажы төлөмдөрүн 6 миллиард сомго көп чогултту.
Бажы төлөмдөрүн түшүүсүнүн мындай көрсөткүчү бажы кызматынын тарыхында биринчи жолу байкалууда.
Азыркы учурда Республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, анда бажы төлөмдөрү боюнча болжолдун суммасы баштапкы бекитилген болжолдун суммасынан кыйла ашат. Бажы кызматы коюлган милдеттерге жетишүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.
Мындай жыйынтыктарга жетүү үчүн бажы кызматы тарабынан бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарындагы өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, санариптик чечимдерди киргизүү жана контрабандага каршы күрөштү күчөтүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
