Ушул жылдын апрелинен ноябрына чейин Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде Жалал-Абад шаарынын окуу-машыгуу базасында ата-мекендик калыстар үчүн видео жардам системасы – VAR колдонуу боюнча өткөн окутуунун жыйынтыгы менен 21 калыс атайын лицензияга ээ болушту.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, буга чейин ата-мекендик эки адис эле лицензияга ээ болгон.
Эске салсак, окутуу убагында семинардын катышуучулары Чүй облусунун ачык кубогунда лицензия алуу үчүн калыстык кылышкан. Жыйынтыгында турнирдеги калыстыктын видеоматериалдары ФИФАга жөнөтүлгөн.
Мындан ары Кыргызстандан жалпы 13 адис VAR калысы, 7 адис калыстын жардамчысы AVAR (видеону кайра карап чыгуу ассистенти) катары жана 4 адис кайталоо оператору (Replay Operator) катары иштей алышат.
VAR системасын ийгиликтүү киргизүү жана кыргыз адистеринин лицензия алышы — өлкөдө футболду өнүктүрүү боюнча маанилүү кадам болду. Ата-мекендик калыстар, VAR системасын улуттук жана эл аралык беттештерде колдоно алышат. Беттештерди өз алдынча тейлөө мүмкүнчүлүгү кыргыз футболун, эл аралык футбол аренада дагы бекем позицияга чыгарат жана калыстык стандарттарды жаңы деңгээлге көтөрөт.
VAR-калыстары:
AVAR-калыстары:
Кайталоо боюнча операторлор:
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/