Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов 16-декабрда Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков менен жолугушуу өткөрдү.
Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда маданий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча негизги багыттары талкууланды.
Алтынбек Максутов Озодбек Назарбековду Кыргыз Республикасынын “Эл артисти” наамына ээ болгону менен куттуктап, бул эки өлкөнүн ортосундагы достук жана маданий байланыштардын бекемдигин көрсөткүчү экенин белгиледи.
Министрлер, кинематография тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин карап чыгып, бул жаатта эки элдин маданий алакаларын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Айрыкча, кыргыз тасмасы “Бейиш эненин таманында»” Өзбекстанда чоң кызыгуу жаратып, көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алгандыгы өзгөчө белгиленди.
Ошондой эле, жолугушууда байыркы шаарларды реконструкциялоо, театрлар менен китепканаларды өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу маселелери каралды. Бул багыттар эки өлкөнүн маданий кызматташуусундагы негизги приоритеттердин бири катары бааланды.
Жолугушуунун маанилүү жыйынтыктарынын бири – 2025-жылы Кыргызстанда Өзбекстандын Маданият күндөрүн өткөрүү боюнча макулдашуулар болду. Бул иш-чара эки элдин маданий жакындыгын бекемдеп, бай мурастарын жайылтууга өбөлгө түзмөкчү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/