Нариман айылында 120 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды
Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылына 120 орунга ылайыкталган бала бакчанын курулушу 95%га аяктап калды. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.
Бала бакчаны куруу иштери республикалык бюджеттин эсебинен 2023-жылы башталган, тендердик баасы 70,7 млн сомду түзөт.
Долбоор боюнча бала бакча 120 орунга ылайыкталган, эки кабаттан турат.
Заманбап шартта салынган группалык таалим алуу, ойноо жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинет бар. Объекттин жалпы аянты 1076 чарчы метрди түзөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/