Кыргызстан менен Корея транспорт чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады – ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Корея транспорт чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев бүгүн, 17-декабрда Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы транспорт чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Анын ичинде темир жол тармагы, жол техникаларын сатып алуу маселелери бар.

Министр Абсаттар Сыргабаев эки өлкөнүн ортосундагы транспорт жаатындагы кызматташтыкты чыңдай турган демилгелерди колдоого дайым даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде элчи Ким Кванджэ министрлик тарабынан сунушталган долбоорлордун ишке ашырылышына бардык күч аракетин жумшай турганын баса белгиледи.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: