Жогорку Кеңеш рецепттерди мыйзамсыз бергендерге жазаны күчөтүүнү сунуштады – ИА Караван Инфо
Жогорку Кеңеш рецепттерди мыйзамсыз бергендерге жазаны күчөтүүнү сунуштады

Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда “Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду. 

Демилгечи-депутат Медербек Алиев белгилегендей, мыйзам долбоору Граждандык кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт, анткени акыркы жылдарда коомдо “аптекалык баңгичилик” деп аталып, күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарын кыянаттык менен пайдаланууга байланышкан кооптуу тенденция байкалууда.

Баңги кылуучу каражаттарды колдонууга жарнамалоого жана эл алдында чакырыктарга, баңги кылуучу каражаттарды камтыган дары-дармек каражаттарын алууга укук берүүчү рецепттерди же башка документтерди мыйзамсыз берүүгө багытталган аракеттер үчүн жазаны күчөтүү сунушталууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: