Баткенде шахтада калган 8 кен казуучу аман-эсен куткарылды
Баткенде шахтада калган 8 кен казуучу аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-декабрда болжол менен саат 14:38де Сүлүктү шаарындагы ЖЧК “Нур” шахтасында газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине жалпы 18 куткаруучу, Сүлүктү шаары боюнча ӨКБнүн башчысы баштаган ыкчам топ тартылып, кен казуучулараман-эсен куткарылган.
Андан соң куткаруучулар аталган шахтада газдан тазалоо иштерин улантып, ийгиликтүү аякташкан.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/