Бишкекте заманбап өрткө каршы куткаруу бөлүгү ачылды
Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Ордо конушунда N9 заманбап өрткө каршы куткаруу бөлүгү ачылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ, KOICA Корея эл аралык кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева жана куткаруучулар катышты.
Жаңы ачылган ӨККБ шарттары тууралуу алдыда кеңири маалымат берилет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/