Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетишин ашыкча эле саясатташтыруунун кажети жок. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө мамлекеттин ички-тышкы саясатында бир топ илгери жылыштар болуп жатканын айтты.
“Менин күнү-түнү тынбай министрлер кабинетинин алдына койгон талаптарымды министрлер, жалпы команданын тапшырмаларымды так жана ыкчам аткарууга болгон аракетеринин жыйынтыгында мына бүгүнкү жетишкендиктерге жетип олтурабыз. Ачыгын айтып коюш керек, бул жетишкендиктерге министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун да салымы бар”, – деп, анын кызматтан кетишин ашыкча эле саясатташтыруунун кажети жок деп ойлойм деди.
Президент бирок өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр аны капалантканын жашырган жок.
“Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калуу мүмкүн эле. Мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам Салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, бул жерде кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдум”, – деп кошумчалады. ал.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан бошотулуп, анын ордуна бүгүн, 18-декабрда Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/