Кочкор районунда жакында жаңы спорт зал пайдаланууга берилет
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Жаңы-Жол айылындагы спорт залдын курулушу 90 пайызга бүтүрүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спорт зал үстүбүздөгү жылы пайдаланууга берүү пландалууда.
Жаңы курулуп жаткан спорт залдын жалпы аянты 610 чарчы метрди түзөт. Долбоор боюнча эки кабаттуу имарат заманбап шарттары менен куруу каралган. Объекттин курулушу ушул жылдын август айында башталган, тендердик баасы 56,7 млн. сомду түзөт.
Белгилей кетсек жыл башынан бери республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 11 спорт объекттин курулушу бүткөрүлгөн.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
