ТИКА Нарын облусуна колдоо көрсөтүүсүн улантат - ИА Караван Инфо
ТИКА Нарын облусуна колдоо көрсөтүүсүн улантат

ТИКА Нарын облусуна колдоо көрсөтүүсүн улантат. Бул тууралуу 17-декабрда Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы программалык координатору Мехмет Бодур КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу менен жолугушууда билдирди.

Облустук өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жолугушууда учурдагы долбоорлор жана биргелешкен программалар боюнча келечектеги кызматташуу пландары талкууланды.

Жолугушууда Ш.Абдырайым уулу ТИКА менен болгон кызматташуунун маанисин белгилеп, агенттиктин Нарын облусунда маанилүү долбоорлорду ишке ашыруудагы колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде, Мехмет Бодур региондорду өнүктүрүү боюнча жаңы демилгелерди колдоону улантышарын жана Нарын облусундагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча мүмкүнчүлүктөрү каралаарын айтты.

Буга чейин ТИКАнын катышуусунда Нарын аймагында бир нече долбоорлор ийгиликтүү ишке ашканын эске салсак:

2 000 258 мин сомго 2017-жылы курулупбүткөн.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: