ӨКМ: Кара-Кулжадагы кар көчкү тазаланууда
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 5-чакырымына кар көчкү түшкөн .
ӨКМден кабарлашкандай, учурда жеринде бир жүктөгүч жана бир экскаватор тартылды.
Белгилей кетсек, 7-декабрда Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун Көк-Жар тилкесине жалпы көлөмү 12 000 м³ жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылып калган.
Көчкүдөн жабыркагандар жок жана жергиликтүү эл Шаркыратма айылы аркылуу айланма жол менен өтүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
