Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 26 миң аялга төлөндү - ИА Караван Инфо
Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 26 миң аялга төлөндү

2024-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен тегиз жерлерде иштеген аялдар үчүн 11-иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлдү.

Жөлөкпулдун өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 10дон 20га чейин көбөйдү, бул 100% га (1000 сомдон 2000 сомго чейин) жогорулатууга туура келет.

Ал эми, жөлөкпулдун орточо өлчөмү жогорулаганга чейин 3600 сом болсо, 2024-жылдын 1-январынан баштап 7500 сомду түзөт.

2024-жылдын 1-декабрына карата министрлик 26 миң 498 аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча 548,5 миллион сом жөлөкпул төлөгөн.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: