Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы Караколго алгачкы каттамын аткарды - ИА Караван Инфо
Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы Караколго алгачкы каттамын аткарды

Бүгүн Бишкек- Каракол — Бишкек багыты боюнча “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын учагы жүргүнчүлөр менен ийгиликтүү каттам аткарды.

Аталган каттам менен Бишкектен Караколго 66 жүргүнчү учуп, кайра Каракол-Бишкек багыты менен 40 жүргүнчү учуп келди.

Эсиңиздерге салсак, мындан ары бейшемби жана жекшемби күндөрү жумасына 2 жолу аталган багыт боюнча уча аласыздар. Билеттердин баасы 3100 сомдон башталат, лыжа жана сноубордторду учакка алуу бекер.

Билеттерди asmanairlines.kg же App Store, Google Play asmanairlines.kg тиркемесин жүктөп алып, ошол жерден сатып алсаңыздар болот.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: