ӨКМ: Чоң-Алайда маданият үйүнөн өрт чыкты
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылында маданият үйүнөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Кырсык 19-декабрда катталган.
Жалынды өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, саат 17:33тө чектөөгө алынган.
“Шамалдын катуу соккондугуна байланыштуу өрт тутанып жатат. Буга байланыштуу өрттү толук өчүрүү иштери бүгүн да уланууда, – деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
