Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууга 27-декабрда старт берилет – президент
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууга 27-декабрда старт берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн III Элдик курултайда билдирди.
Анын айтымына караганда, бул долбоор буга чейин ондогон жылдар бою текчелерде чаң басып келген.
“Биз бул долбоорго киришкенибизде ага ишенбегендер, атүгүл бул жолду куруу “жомок” деп шылдыңдап күлгөндөр болду эле. Азыр ал жомок эмес экенине, ишке ашып жаткан кадимки долбоор экенине баарыңыздар күбө болуп жатасыздар. 27-декабрь күнү бул жолдун расмий курулуш иштери башталат”, – деди президент.
Бул жол Чыгыш менен Батышты байланыштырган стратегиялык көпүрө болот. Соода, туризм жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
