Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүү демилгесин сунуштады. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди.
Төраганын айтымына караганда, сунушту президент колдоого алган.
“Биз кубаттуу өлкөнү куралы десек билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурушубуз кажет. Келерки жылы тармакта ири реформа ишке ашырылып, мектептер 12 жылдык окутуу системасына өтөт. Мындай система ийкемдүү, инклюзивдик жана инновациялык билим берүү системасын түзө турган стратегиялык кадам катары каралууда. Башкысы жасалган реформа тармактын алдыга жылуусуна көмөкчү болуп, окуу системасын жакшыртууга өбөлгө түзүшү зарыл”, – деди төрага.
Муну менен катар төрага бала бакчадан баштап, жогорку окуу жайларга чейин, ал тургай илим изилдөө мекемелерин да Билим берүү жана илим министрлиги көзөмөлдөй тургандыгын айтты.
“Министрликке мыкты жетекчини алып келсек да, анын баарына жетишип, тармакты оңдоп кете албайт. Андыктан, жеке мен министрликти экиге бөлүүнү демилгелеп келем. Тагыраагы бала бакчалар менен мектептерди Агартуу министрлиги жетектесе, жогорку окуу жайлары менен илим изилдөө мекемелерин Жогорку билим жана илим министрлиги көзөмөлдөгөнү оң”, – деп кошумчалады ал.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
