Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Кетмен-Төбөдө өрт өчүрүүчү пункт ачууну суранат - ИА Караван Инфо
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Кетмен-Төбөдө өрт өчүрүүчү пункт ачууну суранат

Үчүнчү Элдик курултайда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагынан келген делегат Разакан Жумабаева кайрылды.

Анда аталган айыл аймакка өрткө каршы куткаруу бөлүгүн ачуу зарыл болуп турганын айтты.

Анткени кырсык учурунда өрт өчүрүүчү унаанын келиши көп убакытты алып жаткандыгы айыл элин ойлондуруп турган көйгөй экендигин билдирди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: