КРнын чемпионатында 2025-жылы 14 команда ойнойт
Мындай чечим Кыргызстандын профессионалдык футбол лигасынын кезектеги жалпы жыйынында кабыл алынды.
Жалпы жыйындын бир добуштан болгон чечими менен КПФЛге 4 жаңы клуб: «Азиягол» (Бишкек), «Барс» (Каракол), «Бишкек сити» (Бишкек) жана «Өзгөн» (Өзгөн) клубдары кабыл алынды.
Ошентип, 2025-жылдагы Кыргыз Республикасындагы Премьер-Лига командаларынын арасындагы чемпионатына 14 клуб катышат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
