Уларбек Шаршеев УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду - ИА Караван Инфо
Уларбек Шаршеев УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду

КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары – КР УКМК Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев ээлеген кызматынан бошотулду, деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

“Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесинин негизинде КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Шаршеев Уларбек Зарлыкович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду”, – деп айтылат билдирүүдө

Ошондой эле президент кол койгон башка жарлыкка ылайык, КР УКМК төрагасынын орун басары – КР УКМК Антитеррордук борборунун директору Айбек Шаменов ээлеген кызматынан бошотулду

“Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесинин негизинде КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору Шаменов Айбек Асанович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду”.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: