Баткенде үй-бүлөлүк зомбулук алдын алуу чаралары талкууланды - ИА Караван Инфо
Баткенде үй-бүлөлүк зомбулук алдын алуу чаралары талкууланды

Үй-бүлөлүк зомбулуктун, балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Баткен облусунун прокуратурасынын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик органдарынын тийиштүү жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн каьарлашты. 

Жыйында КРнын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталышы жөнүндө маселе каралды.

Тактап айтканда, үй-бүлөлүк зомбулуктун, балдар арасында кылмыштуулуктун келип чыгышынын жана анын алдын алуунун жолдору талкууланып, жолугушуу суроо-жооп менен коштолду.

Мындан сырткары, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин кызматкерлерине мыйзам талаптарын сактоо жагы эскертилди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: