Бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоого ээ болду.
Мыйзам долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда: жубайы же жакын туугандары белгиленген тартипте оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган, же болбосо ага (талапкерге) карата кылмыш-жаза иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алуудан баш тартуу; коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салуу; коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып пулдарды жокко чыгаруу; коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга, күнөөсүн моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымын дайындоо.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
