Президент ИДПны 1,8 триллион сомго жеткирүү тапшырмасын берди - ИА Караван Инфо
Президент ИДПны 1,8 триллион сомго жеткирүү тапшырмасын берди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Адылбек Касымалиев Мамлекет башчысынын өлкөнүн ички дүң продукциясын 2025-жылы 1,8 триллионго жеткирүү максаты коюлганын, ошол себептүү Экономика жана коммерция министрлиги бул багытта терең талдоо жүргүзүүсүн тапшырды. 

Мындан сырткары, чакан жана орто бизнести колдоо боюнча реформа тез арада даярдалышы керектигин, “2025-жылы эң аз дегенде дагы 100 жаңы индустриалдык долбоор ишке киргизилиши шарт”, – деди Адылбек Касымалиев.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: