Бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйында суюлтулган көмүрсуутек газы менен ички рынокту камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат угулду.
Жыйында баяндама жасаган Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов белгилегендей, Кыргызстанга автогаздын 90% (200 миң тонна) Россия Федерациясынан, калган 10% (жылына 20 миң тонна) Казакстан Республикасынан алынып келинет.
«Кыргызстандын аймагында газ менен жүргөн автоунаанын жалпы саны 36 948 түзсө, анын 27 120 даанасы 2023-2024-жылдар аралыгында импорттолгон», – деди.
Талкуу маалында депутаттар ички рынокту суюлтулган көмүрсуутек газы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ыкчам чараларды көрүү, жарандардын өсүп жаткан керектөөлөрүн канааттандыруу маселесине өзгөчө көңүл бурушту.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
