«Кыргызалтын» 26,6 миллиард сом киреше тапкан - ИА Караван Инфо
«Кыргызалтын» 26,6 миллиард сом киреше тапкан

Бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун 2023-жылдагы жана 2024- жылдын 10 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат угулду.

Аталган маселе боюнча «Кыргызалтын» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов баяндама жасады. Анын айтымында, 2023-жылы «Кыргызалтын» ишканасынын таза пайдасы 12,65 миллиард сомду түзгөн, анын ичинен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын дивиденттери 9,65 миллиард сом болгон.

«Ал эми 2024-жылдын 10 айында таза пайда 13,95 миллиард сом, анын ичинен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын дивиденттери 12,65 миллиард сом», – деди баяндамачы.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: