ОшМУнун окутуучусу КМШнын эң мыкты изилдөөчүсү деп табылды
Тарых-юридика институтунун жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценти Гүлзада Жумашова Ал-Фараби атындагы «КМШнын эң мыкты изилдөөчүсү – 2024» деп табылды. Ал медаль, күбөлүк жана биринчи даражадагы диплом менен сыйланды.
Жумашовага наамды 20-декабрда ОшМУнун административдик кеңешинин окуу иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев тапшырды.
Ушул жылдын март айында Казакстандын «Бобек» жалпы улуттук ассоциациясы изилдөөчүлөр арасында сынак жарыялаган. Анда илимпоздордун илимий-изилдөөлөрү, КМШнын билим берүү тармагына кошкон салымы каралган. Жыйынтыгында өзгөчө салым кошкон адистер аныкталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/