93 талапкердин 18и гана адвокаттык сынактан өткөн – ИА Караван Инфо
93 талапкердин 18и гана адвокаттык сынактан өткөн

2024-жылдын 18-20-декабрында Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн кезектеги квалификациялык экзамендери өткөрдү.

Экзаменге катышууга квалификациялык комиссиянын чечими менен 93 талапкер чакырылган, анын ичинен 56 талапкер экзаменге катышууга келген.

Компьютерлик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 18 талапкер экзаменден ийгиликтүү өттү.

Экзамен адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибине ылайык 110 суроодон турган Компьютерлик тестирлөө формасында өткөрүлөт.

70 жана андан көп пайыз суроолорго туура жооп бергендер квалификациялык экзаменди берген болуп эсептелишет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: