Таласта такси кызматтары иретке келтирилет – ИА Караван Инфо
Таласта такси кызматтары иретке келтирилет

Талас шаарынын борбордук базарынын тегерегиндеги такси каттамдары жөнгө салынат. Бул тууралуу күн мурун Талас шаарынын мэриясында өткөрүлгөн комиссиялык кеңешмеде айтылды. 

Талас шаардык мэриясынан билдиришкендей, кеңешменин ишине мэрдин биринчи орун басары Эркин Аскаров жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери, комиссия мүчөлөрү катышты.

Анда базардын тегерегиндеги унаа кыймылын тартипке келтирүү, тыгындардын алдын алуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.

Буга кошумча Талас районуна каттам жүргүзгөн такси кызматтарын Талас шаарындагы автобекетке, Айтматов жана Манас районунан келген каттамдар Талас автовокзалына жайгаштырууну жана Бакай-Ата районунан каттам жүргүзгөн автоунаалар А.Оторбаев көчөсүндөгү “Ордо” жана “Сатыкей” соода борборлорунун астына жылдырууну комиссия мүчөлөрү бир добуштан колдошту.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: