Ош шаарында кезектеги “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды – ИА Караван Инфо
Ош шаарында кезектеги "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

Ош шаарындагы №10 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызмтынан кабарлашты. 

Бул Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын базасында ачылган 11-мамлекеттик дарыкана жана учурда республика боюнча жалпысынан 98 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.

Министр жылдын аягына чейин калкты жеткиликтүү баада дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуучу 100 “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасын ачуу пландалганын билдирди.

Маалымат үчүн: “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалар тармагы 30 чет элдик жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жеткирүүчүлөр менен кызматташат.

Дарыкана пункттарындагы ассортимент дарыкана пункттары жайгашкан саламаттык сактоо уюмунун өзгөчөлүгүнө, сатуунун деңгээлине жана саламаттыкты сактоо уюмдарына жараша 2500дөн ашык фармацевтикалык продукцияны түзөт. “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында чекене баалар өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда орто эсеп менен 10-20% төмөн.

Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдетилген рецепттери менен дары-дармектер “Эл Аман” дарыканалары аркылуу рецептке жана бейтаптын оорусуна жараша 50%дан 100%га чейин арзандатуу менен элге сатылат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: