Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда 9 мектеп курууга каражат бөлөт
Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган Грант жөнүндө макулдашуу грант берүү тартибин карайт, анын алкагында Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Кыргыз Республикасында 9 жалпы билим берүү уюмдун курулушун, аларды материалдык-техникалык жабдууну жана аларды Кыргыз Республикасына акысыз жана кайтарымсыз (гранттык) негизде өткөрүп берүүнү камсыз кылат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/