Баткенде облус башчысынын балаты майрамы өттү – ИА Караван Инфо
Баткенде облус башчысынын балаты майрамы өттү

Бүгүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун балдар үчүн балаты майрамы болуп өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарага облус аймагындагы окуунун алдыңкылары, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, камкорчусунан ажыраган жана өзгөчө муктаждыктары бар 110 бала чакырылган.

Облус башчысы Айбек Шаменов балдарды келе жаткан жаңы жыл майрамдары менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, окууларына ийгилик жана бактылуу балалык каалады.

Балдарга облустук драм театрдын артисттери тарабынан жаңы жылдык жомок тартууланып, ар бир балага облус башчысынын белектери тапшырылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: