Касымалиев: Өкмөт электрондук сооданы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоону улантат – ИА Караван Инфо
Касымалиев: Өкмөт электрондук сооданы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоону улантат

Министрлер Кабинети электрондук сооданы, технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ар тараптуу колдоону улантат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасыАдылбек Касымалиев Кыргызстандагы биринчи “LEMON Shopping” маркетплейсинин ачылышына арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.  
 
Министрлер кабинетинин төрагасы бул долбоорду заманбап технологияларга жана инновацияларга багытталган олуттуу кадам катары кароого болорун белгиледи.
 
“Бул маркетплейс биздин ишкерлерге өз бизнесин жаңы деңгээлге көтөрүүгө, сатууну көбөйтүүгө, кардарлар базасын кеңейтүүгө жана өз товарлары менен кызматтарын ички эле эмес, тышкы рынокко да сунуштоого шарт түзөт. Сиздер билгендей базар экономикасынын кыймылдаткыч күчү – бул соода. Рыноктогу суроо-талапка жараша өндүрүш өнүгөт. Кайсы ишкерлер, кайсы мамлекеттер сооданы жакшы жүргүзсө ошолор алдыга озуп чыгат. Ал эми технология өзгөчө кеңири колдонулган технотрон доору деп аталган, ушундай маркетплейстер өзүнчө жол көрсөткөн маяк болуп, ошол эле убакта жүктөрдү топтогон порт болуп кызмат кылып ишибизди олуттуу илгерилетет. “Лимон Шоппинг” биздин ишкерлер менен кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, глобалдык санариптик экономикада Кыргызстандын позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт”, – деген Адылбек Касымалиев, онлайн платформасынын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: