Кыргызстанга жайыт чөптөрүнүн 114 миң кг үрөнү алып келинди – ИА Караван Инфо
Кыргызстанга жайыт чөптөрүнүн 114 миң кг үрөнү алып келинди

Кыргызстанда кылкансыз түбү бош жана таракбаш жайыт чөптөрүнүн 114 181 кг үрөнү алынып келинди.  Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Маалыиатка ылайык, анын ичинен 82 867 кг үрөн Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас, Баткен жана Ош облустарынын айыл аймактарына жеткирилип, таркатылып берилди.

Ал эми Жалал-Абад облусуна декабрдын аягына чейин 35 814 кг жеткирүү пландалууда.  Ошондой эле, ЖИ Голенков кылкансыз түбү боштун 4400 кг үрөнүн жана шалбаа бетегесин 19044 кг Кыргызстанга 25-декабрга чейин алып келет. 

Белгилей кетсек, таркатылган жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү жана эспарцет чөбүнүн аралашмасы республика боюнча 393 га жайыт аянттарына жалпысынан 6084 кг себилди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: