Казакстандын Актау шаарында коңшу мамлекеттин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун алдын ала берген маалыматы боюнча, бүгүн, 25-декабрда Астана убактысы менен саат 11:10до Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан “Эмбраер – 190” учагынын экипажы Актау Эл Аралык аэропортунан авариялык кондурууну суранган.
Бирок учак аэропортко 3 чакырым жетпей авиакырсыкка учураган. Аба кырсыгы катталган тилкеде куткаруу иштерин жүргүзүүгө 52 куткаруучу жана 11 техника тартылган.
Ал эми Азербайжан ӨКМи алдын ала берген маалыматта, учакта 67 адам болгон. Анын ичинде 5 экипаж мүчөсү бар.
Азербайжандын 37, Россиянын 16, Казакстандын 6 жараны, Кыргызстандын 3 жараны болгон. Учурда жалпы 28 адам ооруканага жеткирилген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/