Министрлик 2025-жылдын 4-январынан тартып Сауд Аравия Королдугунун, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар Мамлекетинин, Кувейт Мамлекетинин, Оман Султандыгынын жана Бахрейн Королдугунун жарандары үчүн визасыз режимин киргизүү жөнүндө маалымдайт.
Аталган өлкөлөрдүн туристтик максаттары менен келген жарандары Кыргыз Республикасынын аймагында 360-күндүк мөөнөттүн ичинде 180-күндүк мөөнөттө уруксат берүүчү документтерди алуусуз жүрүү укугуна ээ болушат.
Башка максаттар менен кирген учурда визиттин тиешелүү максаттарына (мисалы: эмгек ишмердигин жүргүзүү, окуу) визаларды тариздөө талап кылынарын белгилей кетүү керек.
Бул чаралар туристтик агымдарды андан ары стимулдаштырууга жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана ишкердик жагымдуулугун жакшыртууга багытталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
