Кара-Көлдө балдар үчүн мэрдин балатысы өттү - ИА Караван Инфо
Кара-Көлдө балдар үчүн мэрдин балатысы өттү

Кара-Көл шаардык мэриясынын чоң жыйындар залында шаар мэри Нуртилек Орозбаевдин балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, балаты майрамы Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры тарабынан уюштурулган оюн-зоок майрамдык концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, мэрдин балатысына жаш курагы 6дан 15 жашка чейинки, толук жетим, жарым жетим, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, окуунун отличниктери жана ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрү, ошондой эле көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары келген.

Иш-чаранын соңунда балатыга чакырылган 250 балага таттуу белектер тапшырылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: