Учак кырсыгы. Кыргызстан менен Казакстандын ССМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү - ИА Караван Инфо
Учак кырсыгы. Кыргызстан менен Казакстандын ССМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Алназарова менен авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын үч жаранынын абалы тууралуу сүйлөштү.

Алардын биринин абалы оор, экөөнүн абалы орто.

Казакстандык медицина кызматкерлери өз убагында керектүү жардамдарды көрсөтүп, учурда жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Алымкадыр Бейшеналиев казак кесиптештерине кесипкөйлүгү жана ыкчам аракети үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле жарандарыбызды реабилитациялоо боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулады.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: