Казакстандагы учак кырсыгынан 38 жаран каза тапты - ИА Караван Инфо
Казакстандагы учак кырсыгынан 38 жаран каза тапты

Казакстандын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун саат 23:00гө карата берген маалыматына ылайык, учак кырсыгынан 38 адам каза тапты. Бортто жалпы 67 адам болгон.

Ал эми калган 29 адам ооруканага жаткырылган, анын ичинде үчөө жаш балдар.

Учурда каза болгон адамдардын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.

Маалым болгондой, учакта 5 экипаж, Казакстандын 6 жараны, Азербайжандын 37, Росссиянын 16 жана Кыргызстандын 3 жараны болгон.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Кыргызстандын үч жараны ооруканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Алар: 

Кырсыктан кийинки авариялык-куткаруу ишине 97 техника, куткаруучу, дарыгер, психолог, полиция кызматкерлеринен турган жалпы 490 адам жана 10 кинолог тартылган.

Ыкчам маалымат үчүн төмөнкү номерлер: 8-7172-55-96-21 жана 8- 7292-31-90-91 иштеп жаткан учуру.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: