Төрага жаңы жылдан тарта фамилиясын өзгөртөрүн айтты
Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-декабрындагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейткен мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири катары жаңы жылдан тарта Нурланбек Тургунбекович эмес, Нурланбек Тургунбек уулу болорун билдирди.
“Депутат Мирлан Самыйкожо менен бирге долбоорду демилгелеп жатканда аты-жөндү нукура атоону максат кылганбыз. Мындай аракет келечегибиз үчүн өтө маанилүү”, – деди ал.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
