Салыктарды азайтуу, мектеп куруу: «Ынтымак» фракциясы аткарган иштери боюнча отчет берди - ИА Караван Инфо
Салыктарды азайтуу, мектеп куруу: «Ынтымак» фракциясы аткарган иштери боюнча отчет берди

Бүгүн, 26-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты,  “Ынтымак” парламенттик фракциясынын лидери Марлен Маматалиев фракциянын жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалымат берди. 

Депутат белгилегендей 3 жыл аралыгында фракция 75 мыйзам долбоорун демилгелесе, быйылкы жылы 19 мыйзам долбоорун алып чыгышкан.  

“Биздин фракциянын атына шайлоочулардан 1800 кайрылуу келип түшкөн. Аларды карап, тиешелүү жактарга аткарууга жөнөтүп, 80% кат ээлеринин суранычтарын чечүүгө көмөк көрсөттүк. Мындан тышкары, элдин кайрылууларынын негизинде өкмөт менен бирге иш алып баруулардын натыйжасында 12 бала бакча, 14 мектеп, 8 спорт комплекси, 120 км жол куруу маселелери колго алынды”, – деди Марлен Маматалиев. 

Парламенттик фракция мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө социалдык-экономикалык, экологиялык, укук тартиби жана коопсуздук жаатында бир катар мыйзам долбоорлорунун демилгечиси болду. Фракция лидери Марлен Маматалиев  чек араны кайтаруу күчөтүлгөнүн белгилеп:

“Өзгөчө Баткен облусунда калкты коргоо үчүн кошумча резервдик отряддар түзүлдү. Электр скутерлерин пайдалануунун негизги талаптарын аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынды. Экономикалык чөйрөдө чакан жана орто бизнести колдоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, биздин демилгебиз менен коомдук тамактануу жайлары үчүн салык ставкаларын төмөндөтүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбооруна, ошондой эле 2024-жылы турак жай имараттары жана курулуш чөйрөсүндөгү жайлар үчүн КНСтин 12% алып салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбооруна түзөтүүлөр киргизилди. ЭТТН маселесин биз ар дайым көтөрөбүз”, – деди. 

Ошондой эле депутат социалдык чөйрөдө декреттик өргүүдө жүргөн аялдарды колдоо күчөтүлүп, пенсияны эсептөө үчүн камсыздандыруу стажы көбөйтүлгөнүн кошумчалады. Мындан тышкары жетим балдарга олуттуу төлөмдөр каралган жана баатыр энелерге жөлөк пулду көбөйтүү сунушталды.

Эл өкүлү Марлен Маматалиев:

“Биз муну менен токтоп калбайбыз! Биз алдыбызда чоң жумуштарды максаттайбыз жана өлкөбүздүн ар бир жараны жакшы жашоого татыктуу деп ишенебиз. Жаңы чакырыктарга жана жаңы жетишкендиктерге даярбыз. Бизде так план бар жана аны кантип ишке ашырууну билебиз”, – деп жыйынтыктады.  

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: