Москва районунда баасы 88,2 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды - ИА Караван Инфо
Москва районунда баасы 88,2 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Чүй областынын Москва райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Москва районунун Төрт-Гүл айыл аймагында бүгүнкү күнгө чейин укук аныктоочу, укук тастыктоочу документтери жок, каттоодон жашырылып, муниципалдык менчикке алынбай келген жана алардан бюджетке салык, ижара же кандайдыр бир инвестициялык төлөмдөрдөр түшпөй келген 12 га айыл чарба багытындагы жер аянттары аныкталды.

Аталган 12 га жерлер 88 млн 215 миң сомго бааланып,  прокурордук чара көрүү актысынын негизинде муниципалдык менчикке алынды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: