Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Мунайзат продуктуларына болгон республикалык суроо-талап негизинен импорт менен толукталат.
2023 – жылы 125,7 миң тонна дизелдик отун өндүрүлгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9,0% көп, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 1,5 эсе көп. Мында анын импорт боюнча келип түшүүсү 2019-жылга салыштырмалуу 22,1% азайды жана 417 миң тоннаны түздү.
Автоунаа бензини 25,8 миң тонна өндүрүлдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 6,2% көп, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик 75,0% аз. Өткөн жылга салыштырмалуу анын импорттук жеткирүүлөрү 14,6% азайып, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу тескерисинче 1,8% өскөн.
2023 – жылы 175 миң тоннадан жакыны күйүүчү мазут өндүрүлгөн, бул 2019-жылга салыштырмалуу 1,5 эсе көп, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу – 6,5% көп.
Жалпысынан 2023-жылы отун катары түздөн-түз керектөөгө дизелдик отундун жалпы керектөөсүнүн 80%, 85% унаа бензининин жана 19,7% күйүүчү мазуттун сарпталган.
Республиканын авиациялык керосинге болгон муктаждыгы импорттук жеткирүүлөрдүн эсебинен толук канааттандырылат.
2023-жылы чийки мунайзат ресурстарынын жалпы көлөмүнүн 311,9 миң тоннасы же дээрлик 97% казып алууга туура келген. Өндүрүш керектөөлөр үчүн материал катары дээрлик 310 миң тонна мунайзат же жалпы бөлүштүрүүнүн 99,4% жакыны керектелген.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
