Жыл башынан бери Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы тарабынан 1384 бузуу аныкталды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат 2024-жылдын 11 айында 706 текшерүү жүргүзүп, табылган бузуулардын жалпы саны 1384 түздү.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:
Жазма буйруктар толук аткарылбагандыгы үчүн, КР “Укук бузуулар” кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылган айыпкерлердин саны 456 болуп, айыпкерлерге салынган айып пулдун жалпы суммасы 4 979 000 сомду түздү.
Ал эми аталган суммадан 4 027 680 сом өндүрүлүп, мамлекеттик бюджеттин эсебине төлөнүп берилди.
Ошондой эле, коюлган доонун суммасы 9 583 183 сомду түзүп, анын 4 998 118 сому мамлекеттин бюджетине өндүрүлдү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
