Таалайбек Абыкеев Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды - ИА Караван Инфо
Таалайбек Абыкеев Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин буйругу менен Бишкек шаардык сотунун төрагалыгына беш жылдык мөөнөткө Таалайбек Абыкеев дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты. 

Сот органынын башчысы Медербек Сатыев дайындалган төраганы куттуктап, ишти мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүүнү тапшырды.

Талайбек Абыкеев КР Конституциясынын 95-беренесине, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесине ылайык дайындалды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: