КФБ 2025-жылга балдар жана жаштар футболун өнүктүрүүдөгү приоритеттерин белгиледи - ИА Караван Инфо
КФБ 2025-жылга балдар жана жаштар футболун өнүктүрүүдөгү приоритеттерин белгиледи

Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде балдар жана өспүрүмдөр командаларынын машыктыруучуларынын жыйыны өтүп, ага Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Жогорку Лигасынын жана Улуттук Лигада ойного клубдарынын жаш курамдарынын машыктыруучулары катышты.

КФБдан билдиришкендей, иш-чара учурдагы көйгөйлөрдү жана 2025-жылга карата балдар жана жаштар футболун өнүктүрүү боюнча пландарды талкуулоо максатында уюштурулган.

Жыйынды КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков ачып, келечекте эл аралык аренада мындан аркы жакшы жыйынтыктарга жетишүү үчүн жаштар футболун өнүктүрүүгө системалуу мамиле жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө КФБнын техникалык бөлүмү тарабынан башка өлкөлөрдүн жаштар футболун өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы, ошондой эле КФБнын Улуттук футбол академиясынын ишмердүүлүгү, ФИФАнын таланттарды өнүктүрүү программасы жана машыктыруучулук билим берүү боюнча презентациялар сунушталды.

Ошондой эле Балдар футбол лигасынын директору Улукбек Айдарбеков 2025-жылы өтө турган балдар жана өспүрүмдөр арасындагы мелдештердин календары жана форматтары менен тааныштырды.

Чогулуш командалардын машыктыруучулары аларды кызыктырган маселелерди талкуулоого гана эмес, келерки жылдын негизги приоритеттерди аныктоого мүмкүндүк берди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: