Оштогу балдар ооруканасында өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү – ИА Караван Инфо
Оштогу балдар ооруканасында өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Ош облустар аралык бириккен балдардын клиникалык ооруканасынын имаратында ӨКМ тарабынан машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, “Дарылоо мекемесиндеги өрттү өчүрүү” темасында уюштурулган өрт-тактикалык машыгууга башкармалыктын 2 өрт өчүрүүчү, 1 штабдык автоунаа, РЭТтен 1 бригада жана Газ кызматынан 1 бригада техникалары менен тартылды.

Машыгуунун максаты — кызматтардын жана имараттын кызматкерлеринин өрт учурундагы ыкчам аракеттерин жогорулатуу болуп саналат.

Жыйынтыгында кетирилген кемчиликтер жана жетишкендиктер боюнча маалымат жеткирилип, чечүү жолдору сунушталды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: