Баткенде бүгүн алты объект ачылды – ИА Караван Инфо
Баткенде бүгүн алты объект ачылды

Баткен облусунда жалпы суммасы 5 млн долларды түзгөн 6 долбоор ишке ашты. Натыйжада 140 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, ишканалар бүгүн, 30-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун онлайн катышуусунда ачылды.

Алар:

Белгилей кетсек, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата 31-августта облуста 7 объект ачылган.

Андан соң, Баткен облусунун 25 жылдыгына карата 25 объект ачылып, пайдаланууга берилген. Учурда облуста дагы 4 типтүү мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр.

Бүгүн жалпы өлкө боюнча 17 ишкана ачылды.

Ишканалардын ачылуу аземине жеринен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: