«Үч-Коргон» ГЭСнин №4-гидроагрегаты реконструкциядан кийин ишке кирди – ИА Караван Инфо
«Үч-Коргон» ГЭСнин №4-гидроагрегаты реконструкциядан кийин ишке кирди

Кун мурун, 30-декабрда “Электр станциялар” ААКнын «Үч-Коргон» ГЭСнин №4-гидроагрегатын ишке киргизүү иш-чарасы болуп өттү, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. 

Аталган иш-чарага мнистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн форматында катышып, гидроагрегатты ишке киргизүүгө старт берсе, жеринде энергетика министри Таалайбек Ибраев, «Электр станциялар» ААКнын башкы директору С.Садыракунов жана башка тийиштүү жетекчилер катышты.

Бул реконструкция иштери станциянын кубаттуулугун жана иштөө эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. «Үч-Коргон» ГЭСинин №4-гидроагрегатын реконструкциялоо ишинен кийин, кошумча кубаттуулугу 20%га жогорулады. Ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жакшыртууга жана электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө шарт түзүлдү.

Эске салсак, «Үч-Коргон» ГЭСнин №4-гидроагрегатын реконструкциялоо иши 2024-жылдын март айында башталган. Реконструкция жана жаңылоо долбоорун «CNEEC» компаниясы ишке ашырды.

Ал эми алдыга коюлган планга ылайык, 2025-жылы «Үч-Коргон» ГЭСиндеги №3 ГАны реконструкциялоо иши башталат. Жаңылануу долбоору аяктаса, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарат.

«Үч-Коргон» ГЭСи – Нарын дарысындагы эң алгачкы жолу курулган гидроэлектростанция болуп эсептелет. Суу сактагыч Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалдуу-Сай шаарында жайгашкан. Анын жалпы көлөмү 52,5 млн.м3. Мурда (реконструкцияга чейин) жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзүп, ар бир гидроагрегаттын кубаттуулугу 45 МВттан болгон төрт агрегат турган. 1962-жылдан бери ГЭСти реконструкциялоо иштери болгон эмес.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: